Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Москва: оппозиция мэрияга дагы бир акция өткөрүү боюнча арыз менен кайрылды


«Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча, өткөн ишембидеги акцияга 60 миңдей адам катышты.
«Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча, өткөн ишембидеги акцияга 60 миңдей адам катышты.

Өткөн ишембиде Москванын Сахарово аянтында болгон митингдин уюштуруучулары мэрияга 17-августта жаңы акция өткөрүү тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү депутат, акциянын уюштуруучуларынын бири Илья Азар билдирди. Ал эми жергиликтүү дагы бир депутат Елена Филин маалымдагандай, алар мэрияга арыз бергенде акцияга 30 миң адам келиши мүмкүн экенин билдиришкен. Алар 17-августта Страстный бульварынан Сахаров проспектисине чейин жүрүш уюштурууну көздөп жатышат.

Ишемби күнү Москвада 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча талапкерлердин катышуусун камсыз кылууну талап кылган кезектеги жүрүш өткөн. Бул сапар орус бийлиги ага уруксат берген.

«Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча акцияга 60 миңдей адам катышты. Бирок орус полициясы 10-августта 20 миңдей гана киши көчөгө чыкканын билдирүүдө.

Бул Орусиядагы 2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан берки эң ири саясий жүрүш болуп калды. Үчүнчү апта катары менен өткөн бул акцияда 250дөн ашык адам кармалды. 27-июлдагы жана 3-августтагы митингдерде кармалгандар баш-аягы 2300 адамдан ашкан.

XS
SM
MD
LG