Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

«Versace» Гонконгду өзүнчө мамлекет катары көрсөткөнү үчүн кечирим сурады


Кытайдын картасы тартылган иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдын картасы тартылган иллюстрациялык сүрөт.

Италиялык «Versace» мода үйү Кытайдын атайын администрациялык райондору Гонконг менен Макао өз алдынча мамлекет катары белгиленген кийимдерди сатыкка чыгарганы үчүн кечирим сурады.

«China Daily» басылмасы кабарлагандай, мекеме мындай аракетке Кытайда социалдык тармактардагы курч айыптоолордон кийин барды. Компания катачылык кеткен кийимдердин партиясын сатыктан алып, жок кыла баштады.

«Versace» мода үйү Кытайдын бүтүндүгүн жана эгемендигин урматтап, сыйлай турганын билдирет.

Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө көрүнүп тургандай футболкалардын алды-артында шаарлар менен мамлекеттердин тизмеси келтирилген. Анда Милан – Италия, Лондон – Улуу Британия деген сыяктуу жазуулар менен кошо Гонконг – Гонконг жана Макао – Макао деп жазылган.

Кечирим суроого карабай «Versace» менен ушул эле жылдын июнь айында келишим түзгөн кытайлык актриса Ян Ми компания менен иштешүүдөн баш тартты.

Былтыр америкалык ритейлер «Gap» Кытайдын картасы туура эмес көрсөтүлгөн футболкалар үчүн кечирип сураган. Анда Кытайдын материктеги бөлүгү гана берилип, мамлекетте козголоңчул провинция болуп катары саналган Тайвань кошулбай калган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG