Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Москва мэриясы 17-августтагы жөө жүрүшкө уруксат берген жок


Москвада соңку бир айдан бери оппозициячыл күчтөр нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.
Москвада соңку бир айдан бери оппозициячыл күчтөр нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Орусиянын борбору Москва шаарынын мэриясы 17-августта шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдогон жөө жүрүш өткөрүү тууралуу арызды канааттандырган жок. Муну арыз мөөнөтүнөн кеч келгени менен негиздеди. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири, Якиманка округунун башчысы Андрей Морев билдирди. Моревдин айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттары кайсы бир иш-чара тууралуу беш күн алдын-ала кабарлаганга укугу бар.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «азыр мэрия каршылык акциясынын толкунун токтотуш үчүн кош стандарттарды колдонуп жатат. Каршылыкты тыюу максатында макулдашылган акцияларды өткөрүүгө уруксат бербей жатат» деп жазды. Морев бул бийликтин катасы экенин белгилеп, мэрияга расмий доомат жөнөтүлөрүн билдирди.

Москванын чок ортосунда соңку бир айдан бери оппозициячыл күчтөр шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган талапкерлерди колдогон нааразылык акцияларын өткөрүп жатат. Анда миңдеген адам көчөгө чыккан жана полиция аларды кууп тараткан. Ушул күнгө чейин баш-аягы миңдей киши кармалды.

Тергөө комитети калайман башаламандык боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 14 адам камакка алынды.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар демонстранттарга аёосуз күч колдонулуп жатканын айыпташкан жана расмий Москваны жарандардын оюн эркин билдирүү жана тынч жыйындарга чогулуу укугун сыйлоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG