Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Зеленский орусиялыктарга украин жарандыгын алууну жеңилдетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-августта украин жарандыгын жөнөйлөштүрүлгөн жол менен алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин расмий сайтына жарыяланган документке ылайык, мындай жол менен жарандыкты Орусияда «саясий көз караштары үчүн куугунтукталган жарандар» алса болот. Ошондой эле Украинаны коргоого катышкан, анын улуттук коопсуздугун сактоого көмөктөшкөн чет өлкөлүктөргө же жарандыгы жок адамдарга да берилет.

Мындан бир канча саат мурун Орусиянын президенти Владимир Путин жеңилдетилген жол менен жарандык ала турган адамдардын тизмесин кеңейткен. Ага ылайык эми Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын бардык жашоочулары орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ала алышат.

Путиндин 24-апрелдеги жарлыгына ылайык, орус жарандыгы жеңилдетилген жол менен өздөрүн Луганск жана Донецк элдик жумурияттары деп атаган жикчил аймактардын тургундарына берилип жаткан.

Украин өкмөтү буга байланыштуу орус бийлигин айыптаган. Европа Биримдигинин бир катар мүчөлөрү, Канада да ушундай билдирүү менен чыккан.

Буга чейин Путин жеңилдетилген жол менен жарандык алууга укуктуу адамдардын тизмесине аннексияланган Крымда 2014-жылга чейин жашаган украиндерди, СССР убагында Орусияда төрөлгөн Ирак, Йемен, Сирия жана ооган жарандарын киргизген.

XS
SM
MD
LG