Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Сауд Арабиясы башында турган коалицияга каршы чыккан йемендик хуситтерди мындан ары да колдоого убада кылды. Бул топ төрт жылдан бери Йемендеги кулатылган бийликти калыбына келтирүү үчүн күрөшүп келатат.
Мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөгөн Хаменеи мындан сырткары түмөндөгөн адамдын өмүрүн алып, өлкөнү ачкачылыктын кырына кептеген согуштук аракеттердин алдын алыш үчүн йемендиктер менен диалогго барууга чакырды.
Хаменеи Сауд Арабиясын «Йеменди бөлүп-жарыш үчүн жашыруун сүйлөшүүгө барган» деп айыптап, «бирдиктүү Йемен эгемендиги менен кошо колдоого алынат» деди.
Ирандыктарга ыктаган хуситтер Йемендин борбору Сана шаарын жана өлкөнүн калк жыш жайгашкан ири аймактарын көзөмөлгө алат.
Сауд Арабиясы жана анын коалициядагы өнөктөшү Бириккен Араб Эмираттары 2015-жылдан бери Йемендин президенти Абед Раббо Мансур Хадинин атынан хуситтер менен күрөшүп келет. (ErN)