Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Атамбаевди кармоо операциясында 30дан ашык автобус талкаланган


Талкаланган автобус.
Талкаланган автобус.

7-августтан 9-августка чейин Кой-Таш айылында жана Бишкек шаарында болгон окуялардан мэрия 2 миллион сом чыгым тартты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн. Алардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет. Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды.

7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциялары болду. 9-августка караган түнү Бишкектин борбордук аянтына жүздөгөн адамдар чогулуп, башаламандык уюштурушкан. Андан шаардагы үч таштанды контейнер өрттөлүп, 84 темир тосмо сынган.

Ошондой эле Бишкектин айрым жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланган. Маалымат технологиялары жана байланыш комитети анын чыгымын 4 миллион сомго баалап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG