Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Аскер прокуратурасы Жолдубаеванын үйүн тинтип жатат


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Ал эми Кундуз Жолдубаева тинтүү ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болуп жатканын айтты.

Аскер прокуратурасы Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишеним жок» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов ага коюлган айыптарды толугу менен жокко чыгарып, ал жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун жарыялады. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG