Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Сот Батукаевдин адвокаты Касымовду абакта калтырды


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымовду 26-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги Касымовдун кармалышы жана ага коюлган айып тууралуу кенен маалымат бере элек.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлду.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG