15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.