Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Москва: «Яблоко» партиясынын төрт талапкери каттоодон өттү


Талапкер Сергей Митрохин.
Талапкер Сергей Митрохин.

Орусиядагы «Яблоко» оппозициялык партиясынын сегиз талапкеринин төртөө 8-сентябрда өтө турган Москва шаардык кеңешине шайлоого катышууга уруксат алды. Ага ылайык, партиянын мүчөлөрү Сергей Митрохин, Евгений Бунимович, Максим Круголов жана Дарья Беседина расмий түрдө талапкер болуп катталышты.

13-августта Москва шаардык соту шайлоо комиссиясынын Митрохинди каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган эле. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы Митрохин топтоп келген кол тамгаларда маселе бар экенин жүйө келтирип, аны талапкер катары каттабай койгон.

Ал сыяктуу ондогон өз алдынча активисттер шайлоого катыша албай калганы Москвадагы түмөндөгөн адам катышкан нааразылык акцияларына себеп болгон. Акыркы жолу 10-августта орус баш калаасында 60 миңге чукул киши жүрүшкө чыккан эле.

XS
SM
MD
LG