Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Тегеранда британ жарандыгын алып жүргөн илимпоз кармалды


Антрополог Камил Ахмади.
Антрополог Камил Ахмади.

Тегеранда британ жарандыгын алып жүргөн ирандык антрополог Камил Ахмади кармалды. Бул маалыматты илимпоздун аялы Шафах Рахмани «Азаттыктын» Иран кызматына 14-августта ырастады.

Анын айтымында, Ахмадини өз ишмердигине байланыштуу «белгисиз айыптар» менен 11-августта Ирандагы үйүнөн кармап кетишкен.

- Менин күйөөм 25 жыл мурда Британиянын жарандыгын алган. Бирок соңку 15 жылдан бери Иранда жашап келген, - деди Шафах Рахмани.

Ахмади Ирандагы жашы жетек эле өспүрүм кыздардын күйөөгө берилиши жана утурумдук нике сыяктуу маселелер боюнча изилдөөлөрү менен белгилүү. Анын кармалышына байланыштуу Ирандын бийлиги да, Британия да үн ката элек.

Бул окуя Британиянын желеги менен жүргөн мунай танкеринин Перс булуңунда кармалышынан улам Тегеран менен Лондондун алакасы чыңалып турган учурга туура келди.

XS
SM
MD
LG