Орусиялык окумуштуулар бийлик алардын чет өлкөлүк кесиптештери менен карым-катышын чектеген жаңы эрежелерди чыгарганын билдиришти.
Мындай эрежелердин көчүрмөсүн питерлик илимпоз, математик Александр Фрадков 13-августта Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигине жазган ачык каты менен кошо жарыялады.
Ага ылайык, орус окумуштуулары чет өлкөлүк илимпоздор менен жалгыз калбашы керек, алардын Орусиядагы иш сапарларын өкмөт менен макулдашууга тийиш. Ошондой эле чет жерден келген илимпоздорго Орусиянын аймагында телефон, видеокамера жана турнабай колдонууга тыюу салуу да сунушталып жатат.
Математик Фрадков мындай «акылга сыйбаган» чектөөлөр өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирерин, илимий-техникалык өнүгүүгө жолтоо болорун белгилеген.
Бирок Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги жаңы эрежелер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн эмес, сунуш катары гана берилгенин билдирди.