Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытай АКШ менен соода келишимин түзгүсү келсе Бээжин биринчи кезекте Гонконгго карата гумандуу аракеттерди көрүшү керек экенин билдирди.
14-августта «Твиттерде» жазган билдирүүсүндө ал Кытайдын лидерине жолугушууну сунуш кылды. «Президент Си (Цзиньпиң) эгер кааласа Гонконг маселесин ыкчам жана гумандуу чечип кое аларынан күмөнүм жок. Жеке жолугушабызбы?» - деп жазды Трамп.
Башка твитинде ал: «Албетте, Кытай келишим түзгүсү келет. Алар алгач Гонконг менен гумандуу иштеп алсын!» деп билдирди.
Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык жарандарды Гонконгго жол тартпай турууга чакырган. Анда соңку он аптадан бери нааразылык уланып жаткан аймакка Кытайдын куралдуу күчтөрү баратканын белгиленген.
Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.
АКШ менен Кытайдын соода согушу өткөн жылы башталган. Анда Трамп бир катар Кытайдын товарларына бажы төлөмүн киргизген. Бээжин да ушундай эле жооп кылган. Эки өлкөнүн ортосундагы соода келишимине 2019-жылы кол коюлушу болжолдонуп жаткан. (ErN)