Тергөө камагына алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасын кармоо операциясы боюнча билдирүү таратып, бул окуяларга баа берүү азырынча эрте деген оюн ортого салды.
«Фейсбуктагы» кайрылуусунда ал коомчулуктан анын оюн сурагандар көп болуп жатканын, ошого карабай кескин билдирүүлөрдөн карманып турганын билдирди.
««Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» деген суроолор көп болууда. Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып Ак үйгө барып сес көрсөтүшүм керекпи, же эмне, ортого 84 жаштагы таенебизди салып жамандайлыбы, «тиги же бул күнөөлүү» деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби? Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшөлтөт, абдан оор абалдабыз. Бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай чагымга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек. 7-8-августта болгон окуяларга азыр баа берүү өтө эрте жана бул баа бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп, калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн!» деп жазды Сейтек Атамбаев.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева атасын «ойдон токулган иш менен, мыйзамсыз кармашканын» айтса, уулу Кадырбек Атамбаев кармоо операциясы «чагым болгонун» айтып, «азыркы бийлик диктатура орнотконун, ага мыйзамдын чегинде каршы туруу керек» экенин билдирген.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. 13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголду.
Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери курман болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган. (ErN)