Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Гибралтар камактагы Ирандын танкерине тагылган айыпты алды


Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.
Евробиримдиктин санкцияларын бузуп Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармалган «Grace-1» танкери.

15-августта Гибралтарда сот камактагы Ирандын кара май ташыган танкерине тагылган айыпты жойду. Ага ылайык, "Grace-1" cупертанкери жана экипаж мүчөлөрү эми бошотулушу керек. Бирок АКШнын Юстиция министрлиги кара май ташыган кеменин камоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч жөнөткөнү белгилүү болду. Бул өтүнүчтү эми Гибралтардын башкы прокурору карап, чечим чыгарышы керек.

Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар аралынын бийлиги 4-июлда 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан кемени британ деңиз аскерлеринин жардамы менен колго түшүргөн. Анда ал Иранды «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген айыптаган.

Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормус кысыгында 19-июлда Британиянын желеги тагылган кемени жана экипаждын 23 мүчөсүн камакка алган.

XS
SM
MD
LG