Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:30

Сот «Апрель» телеканалынын мүлкүнө байланыштуу арызды карап жатат


Бишкектин Биринчи май райондук соту «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алуу мыйзамсыз деп эсептеген юристтердин арызын карап жатат. Прокурор жана тергөөчү баары мыйзам чегинде болгонун белгилешти. Ушул тапта сот чечим чыгаруу үчүн чыгып кетти.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген.

14-августта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезир билдирүү таратып, «Апрель» телеканалынын жабылышына тынчсыздануусун билдирген. Дезир «Апрелдин» активдерин камакка алуу боюнча чечим өзгөчө жагдайда кабыл алынганын түшүнөрүн билдирип, ошондой болсо да бийликти аны кайра карап чыгууга чакырган.

«Апрель» телеканалы коррупцияга шектүү катары камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. (КЕ)

XS
SM
MD
LG