Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Башкы прокуратура: Атамбаевге төрт эпизод боюнча айып коюлду


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 14-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары маалымдама тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Атамбаев төрт эпизод боюнча айыпталууда:

  • Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташууда мамлекеттик жана энергокомпаниянын жооптуу кызматкерлери менен коррупцияны уюштуруу, «Прогресс Компаниясынын» кызыкчылыгын коргоо (лобби) – Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).
  • Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).
  • Мыйзамсыз баюу жана С.Пархати жана башка адамдар менен алдын-ала келишип алып ири суммада кылмыштуу кирешелерди адалдоо. – Жазык кодексинин 215-беренесинин 1-2-3-бөлүгү, 2-пункту («Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу»).
  • Тоо-кен тармагындагы жооптуу кызматкелер менен алдын-ала сүйлөшүп лицензия берүү боюнча коррупцияны уюштуруу. - Жазык кодексинин 43-319-беренелеринин 2-бөлүгү («Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция»).

Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевге жалпысынан 14 иш боюна маалымдама берилгенин бүгүн, 15-августта билдирген. Акыркысы Кой-Таштагы үйү жана жер тилкесине байланыштуу эки айып коюлду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырылып, бирок ал барган эмес. Ал Кой-Ташта 7-8-августтагы Атамбаевди кармоо операциялары учурунда сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшкөн.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Бүгүн Атамбаевге Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши боюнча маалымдама берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG