Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:00

Аида Салянова үй камагына чыкты


Аида Салянова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан эле.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө жылып кеткен. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (49)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG