Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду (видео)


Раиса Атамбаева
Раиса Атамбаева

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы да ырастап, бирок кайсы берене боюнча козголгону айтыла элек.

“Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат – таза эмес иш экенин билчүмүн. Ошондуктан аралашпоого аракет кылчумун. Мен ал тургай соттордун имараты кайда экенин да билбейм. Бир дагы судьяны тааныбайм. Ошондуктан бийликтин айткандары чындыктан алыс болууда”, - деди Раиса Атамбаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда "сот системасынын куратору" деп аталып келген, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнда коррупцияга айыпталып кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

Кийин Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген видеосу Интернетке чыккан. КСДП анын айткандарын “чындыкка коошпойт” деп билдирген.

Бир айдан кийин Арабаев үй камагына чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG