Линктер

шейшемби, 20-август, 2019 Бишкек убактысы 22:08

Осмонов: Сот жагдайга карата көчмө жыйын өткөрө алат


Курманбек Осмонов.

Сот иштин жагдайына, айыпталуучунун өзүнө жана коомдогу резонанска жараша көчмө жыйын өткөрө алат. Бул тууралуу Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Мыйзам боюнча биринчи кезекте айыпталып жаткан адамдын өздүгүн, айыптын оордугун, коомго, башка адамдарга, коомдук түзүлүш менен стабилдүүлүккө коркунуч келтиреби, жокпу ошонун баары эске алынып, анан бөгөт чарасы кабыл алынат. Соттун иштин жагдайына, коомдогу резонанска жараша көчмө жыйын өткөрүп, башка жерде кароого укугу бар. Сот өзү барып, камак жайында да карай алат".

Бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин камоо тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Атамбаевдин бөгөт чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында каралды. Ага адвокаттан сырткары жакындары, тарапташтары жана журналисттер киргизилген жок.

Мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев “жабык жайда каалаган чечимди чыгаруу максатында УКМК имаратында кароо чечими кабыл алынды” деп сындады.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта Атамбаевди оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары, төрт эпизод боюнча айып койгон. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG