Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:54

Медиа: Трамп Гренландияны АКШнын карамагына алгысы келет


Гренландия

"The Wall Street Journal" басылмасы Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына шилтеме жасап, АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны Кошмо Штаттардын карамагына алуу мүмкүнчүлүгүн кеңешчилери менен бир канча жолу талкуулаганын жазды. Ага ылайык, Трамп Гренландияны алуунун кандай мыйзамдуу жолдору бар экенине кызыккан, айтылган жоопторду өтө ынтызарлык менен кунт коюп уккан жана арал жайгашкан жердин өзгөчөлүгүнө, жаратылыш байлыктарынын көптүгүнө өзгөчө кызыккан. Президент алтургай юристтерине мунун укуктук жагын иликтеп чыгууга тапшырма да берген.

Басылманын билдиришинче, Трамптын мындай сунушун айрым кеңешчилери кош колдоп колдогон, бирок каршы чыккандар да болгон.

Гренландияда АКШнын эң ири аскердик базасы жайгашкан. Арал Даниянын автоном облусу болуп саналат. Гренландиянын аянты Дания падышачылыгы жайгашкан жерден дээрлик 50 эсе чоң жана болгону 56 миңдей гана адам туруктуу жашайт.

АКШ 1946-жылы Даниядан бул аралды 100 миллион долларга сатып алууга аракет жасаган, бирок сатуу-алуу ишке ашкан эмес.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG