Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

«Достук» чек ара бекетинде «Режим» аттуу иш-чара өттү


«Достук» өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.
«Достук» өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.

16-августта Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Достук» чек ара бекетинин аймагында Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери «Режим» аттуу алдын алуу иштерин өткөрүштү. Облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул иш-чара коомдук транспорттордун багытын иретке келтирүү, жарандардын коопсуздугун, укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана коррупциялык түрдүү көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.

- Акыркы кезде чек арадан ары-бери каттаган адамдардан чек ара кызматкерлерине, таксисттерге нааразылык күчөп кеткен болчу. «Чек арачылар «компьютер иштебей жатат, электр энергиясы жок» деп ар кандай шылтоолор менен жасалма тыгын кылып, ортомчулар аркылуу акча таап жатышат. Таксисттер монополия түзүп алып, жол кирени кымбат алып жатышат» деген мазмундагы арыздар байма-бай түшө баштаган. Ошондуктан бүгүн «Режим» деген иш-чараны өткөрдүк, - деди ал.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Достук» чек ара көзөмөл бекети аркылуу өтүү 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин татаалдашкан. 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент аны бир тараптуу жаап салган. Кыргызстан менен Өзбекстанга каттагандар чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында «Достук» чек ара бекети кайрадан ачылган.

Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши ары-бери каттайт. (ZKo/MdN)

XS
SM
MD
LG