Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун кароону 19-августка калтырды. Буга ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн сот процессине келбегени себеп болду. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин өзү да сот залына алынып келиши керектигин белгилеп жатат.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатканын билдирген. (КЕ)