Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Президент «Манас айылынын» абалы менен тааныштырды


«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексти.
«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, “Манас айылын” жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгууда. Ал аталган комплекс министрликтин балансына өтсө реконструкциянын варианттары каралып чыгарын кошумчалады. Президент “Манас айылын” министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоп, туура башкаруу жана каражаттарды тартууда бул жай Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

Жээнбеков мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды жана ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.

Комплекс 1998-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Аны куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG