Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

ИИМ: Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылды


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылганын билдирди.

Бүгүн, 17-августта мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган.

Анда Атамбаев 8-августта таштап кеткен сумкадан 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган барактар табылган. Ошондой эле 2 млн. 225 миң сом жана 316 миң доллар коротулганы жазылган барак да чыккан. ИИМ бул сумма массалык башаламандыкты уюштургандарга сарпталган акча болушу мүмкүн экенин кабарлады.

«Учурда жогорудагы барактар дыкат иликтенип жатат жана мыйзамдуу чечим кабыл алынат», - деп айтылат маалыматта.

ИИМ андан тышкары «Сейитбек Атамбаев катуу сабалган» деген маалыматтарды жокко чыгарып, Атамбаев 8-августта суракка чакырылганда эч кандай жаракаты болбогонун, 9-августта экинчи ирет суракка келгенде ал бутун кайрып алганын айтканын билдирди.

16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева мурдагы президенттин уулу Сейитбек Атамбаев катуу токмоктолгонун, Атамбаевдин үй-бүлөсү куугунтукталып жатканын айткан.

Сейитбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча ИИМге сурак берип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG