Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Украинада мейманканада чыккан өрттөн сегиз киши өлдү


Өрт чалган мейманкана.
Өрт чалган мейманкана.

Украинанын Одесса шаарында 17-августтун кечинде жеке менчик мейманканадан чыккан өрттөн сегиз киши каза болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы 10 адам куткарылганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, өрт түн жарымында тутунган. Азырынча анын келип чыгуу себептери жана өрт чыккан учурда мейманканада канча киши болгону айтыла элек. Өрт чалган "Tokyo Star" отели 273 бөлмөдөн турат.

Миң чарчы метрге жайылган өрт үч сааттын ичинде өчүрүлгөн. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG