Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

ИИМ: чагымчыл маалымат тараткандар изделип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) «WhatsApp» тиркемеси аркылуу коомдогу абалды курчутуш үчүн башаламандык чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу чагымчыл маалыматтар таратылып жатканын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы буга байланыштуу күч түзүмдөрү туура эмес маалыматтарды тараткандарды издеп жатканын билдирди.

«Учурда өлкөдө коомдук, саясий абал туруктуу, тынчсызданууга эч кандай негиз жок», - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Мекеме жарандарды билип туруп жалган маалыматтарды тараткандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын да эскертти. Ушундан улам ИИМ элди Интернетте жана ар кандай тиркемелер менен чагымчыл кабарларды жайылтпоого чакырды.

«WhatsApp» тиркемесинде Кыргызстанда башаламандык болорун божомолдогон, буга байланыштуу жарандарды азык-түлүктү көбүрөөк камдап алууга чакырган аудиолор тарап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG