Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Темир Сариев менен Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү


«Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясынын катышуучулары.
«Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясынын катышуучулары.

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн тескей жээгинен күңгөйүнө чейин сүзүп өтүштү. Алар «Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясына катышкан.

Быйыл ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Казакстандан жалпысынан 22 киши катышты.

Мелдешти уюштурган «Nomad sport» коомдук фондунун жетекчиси Канат Келсинбеков бул иш-чара акыркы үч жылдан бери өтүп жатканын жана ал аймактагы спорттук туризмди өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

«Акция быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Биринчи жолу болгону беш киши катышкан. Быйыл алардын саны 22ге жетти. Алтоо кыздар. Жакынкы эки жылда биз катышуучулардын санын 200 кишиге жеткиребиз деп тилек кылып атабыз», - деди Келсинбеков.

Таңкы саат 06:19да Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы көл жээгинен старт алгандар Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп барышты. Бул аралык жалпысынан 14 чакырымды түзөт.

Биринчи болуп Эмил Турусбеков (4 cаат 48 мүнөт), экинчи болуп депутат Бактыбек Турусбеков келди. Ал бул аралыкты былтыр да сүзүп өткөн. Ал эми Темир Сариев 11-болуп келди. Ал эми кыздардын арасынан биринчилерден болуп 26 жаштагы Алина Меремьянина сүзүп келди. (KS)

XS
SM
MD
LG