Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:21

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан төрт киши мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 18-августта Бишкек-Ош автожолунун 73-чакырымында (Суусамыр) үч автоунаа катышкан жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетип, бирөө Жайыл райондук аймактык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.

- МАН үлгүсүндөгү май ташуучу автоунаа Ош шаарына кетип бараткан экен. Ага карама-каршы тилкеде «Мазда» жана «Хонда Торнео» үлгүсүндөгү машине келаткан. «Мазданын» артында келаткан «Хонда Торнеонун» айдоочусу аны ашып өтөм деп жетишпей калган. Ал кайра өз тилкесине кирип баратып «Мазданы» сүзгөн. Ал айланып барып май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. МАН менен «Мазда» жолдон чыгып кетип, май ташыган автоунаа оодарылып калган, - деди Исаев.

Анын маалыматына караганда, каза болгон адамдардын баары «Мазда» автоунаасында болушкан. Кырсыкка «Хонда Торнеонун» айдоочусу себепкер болгон. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG