Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:52

Гонконг: жүз миңдеген демонстрант нөшөрдөн айбыккан жок


Гонконгдун Виктория паркындагы жүрүшчүлөр. 18-август, 2019-жыл.

Нөшөргө карабай 18-августта Гонконгдо жүз миңдеген адам кайрадан өкмөткө каршы жүрүшкө чыкты. Кол чатыр кармагандар борбордук көчөлөргө толду. Уюштуруучулар көчөгө 1,7 миллионго чейин киши чыкканын билдирди. Өкмөт алардын санын тактаган жок.

Гонконгдуктар ушуну менен удаасы менен 11-жолу нааразылык акцияларын өткөрүүдө.

Гонконг - Кытайдын карамагындагы, бирок ички саясатын өзү жөндөгөн автоном аймак. Өкмөтү жыл башында кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуш кылган.

«Бээжин ички ишибизге кийлигишүүдө», «Кытайдагы сот системасына ишенич жок» деп жарандар көтөрүлгөн. Өкмөт экстрадиция мыйзамын кабыл алууну токтоткон, бирок ал таптакыр жокко чыгарыларын билдирген эмес. Ал арада акциялар демократиялык реформа жасоону талап кылган кыймылга өсүп жетти.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG