Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун ишин карайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет.

- Эгер сот биз тарапка чечсе Жапаровдун мөөнөтү үч жыл төрт ай кыскарат дагы, ал шарттуу түрдө бошотулушу керек, - деди жактоочу.

16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокат биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG