Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

ИИМ: Москвада эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Москвада эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 50 жаштагы аялды алдамчылыкка жана документ жасалмалоого байланыштуу кылмыштарга шектүү катары Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы издеп жаткан.

Тергөө материалдарында ал кызмат өтөп жүргөн аскердик бөлүктүн каржы бөлүмүнө Ош-Бишкек-Ош каттамына ири суммага авиабилет сатылып алынганы тууралуу жасалма документ тапшырып, качып кеткени жазылган.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG