Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Кыргызстан Түркиядан алтын импорттогон биринчи он өлкөнүн катарына кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Түркиядан алтын импорттоочу алгачкы он өлкөнүн ичине кирди. Бул тууралуу Түркиянын Зергер экспортчулар бирикмеси билдирди.

Бирикменин маалыматына караганда, быйыл алгачкы жарым жылдагы статистика боюнча Түркиядан даяр жана жарым-жартылай иштетилген зер боюмдарды импорттогон өлкөлөр арасында Кыргызстан тогузунчу орунда турат. Бул аралыкта Түркиядан Кыргызстанга 9,4 миллион долларга зер боюмдар сатылган.

Зергер экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, 2019-жылы Түркиядан дүйнө жүзүнө экспорттолгон зер боюмдардын жалпы суммасы 509 миллион долларды түзгөн. Негизги импорттоочулар - Англия, Швейцария, Бириккен Араб Эмираттары, Гонконг, АКШ, Ливия жана Израил.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстандан Түркияга эң көп алтын, пахта жана төө буурчак экспорттолгон. Ал эми Түркиядан Кыргызстанга зер буюмдар, кийим-кече жана автоунаа тетиктери ташылып келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG