Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Макрон менен Путин Украина тууралуу сүйлөшөт


Эммануэл Макрон менен Владимир Путин.
Эммануэл Макрон менен Владимир Путин.

Бүгүн, 19-августта Франциянын президенти Эммануэл Макрон Брегансон жайкы резиденциясында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Сүйлөшүүдө Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Москвага ыктаган жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышты токтотууга көңүл бурулмакчы.

Андан сырткары Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал, Сириядагы жаңжал тууралуу да сөз болот.

Макрон менен Путин алгач ирет 2017-жылы Париждин четиндеги Версаль сарайында кезиккен.

Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөнүн, анда Донбасстагы жикчилдерге таасир этүүнү суранганын айткан.

Бул аймакта 2014-жылдан берки куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG