Венгриянын Шопрон шаарында Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын ачылганынын 30 жылдык мааракесин белгилешти.
Будапешт 1989-жылы 19-августта Германия менен чек арасын үч саатка ачкан. Анда Германиянын чыгышынан Батышка 700 адам качып кеткен. Бул окуя тарыхта «темир көшөгөнүн» ачылышы катары калган.
Венгрия 1989-жылы 11-сентябрда Чыгыш Германиянын тургундары үчүн атайын Австрия менен чек арасын ачкан. Чыгыш Германиянын бийлиги жарандарынын Венгрияга барышын чектегенге аракет кылган, бул калайман нааразылыкты жараткан жана Берлин дубалынын кулашына себеп болгон.
Шопрон шаарындагы салтанатта Ангела Меркел Венгриянын ошол убактагы аракети Берлин дубалынын кулашына, эки жаатка бөлүнгөн Германиянын биригишинн «чоң өбөлгө» түзгөнүн белгиледи. Ал Европа лидерлерин өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан Евробиримдиктин баалуулуктарын жогору коюуга чакырды.
Меркел Венгрияда акыркы жолу 2014-жылы болгон.
Меркел менен Орбан буга чейин негизинен мигранттар маселесинин айынан талашып-тартышып келген.