Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Бишкекте теннис боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат


Казакстандык теннисчи Данил Озерной. Бишкек. 18-август, 2019-жыл.
Казакстандык теннисчи Данил Озерной. Бишкек. 18-август, 2019-жыл.

Бишкекте теннис боюнча «Sunrise Open» эл аралык мелдеши өтүп жатат. Ага 10 мамлекеттен 103 теннисчи катышууда. Мелдештин башкы калысы Александр Шербина «Азаттыкка» билдиргендей, таймаштар 14 жаштан 18 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында өтүп жатат.

Таймаштар жекече жана жупташкан (ар бир командада экиден оюнчу) категорияларда өтүп жатат. Биринчи жуманын жыйынтыгы менен кыздар арасындагы жуптук таймаштарда казак спортчусу Адел Малгонусова менен беларус теннисчиси Дарья Зубцовскаялар жеңишке жетти. Казакстандык теннисчилер Дмитрий Безбородов менен Данил Озерной балдар арасындагы жупташкан таймашта жеңүүчү болушту. Алар финалда өзбекстандык Игорь Котченков менен Бекзод Расаматовду эки партияда 6:4, 6:2 эсеби менен жеңип кетти.

Кыздар арасындагы жекече беттештерде финалга эки орусиялык теннисчи кыз чыгып, жыйынтыгында Юлия Трифонова атаандашы Полина Паунованы эки партияда 6:1, 7:5 эсебинде утуп, жеңүүчү болду. Ал эми балдар арасында болсо украиналык Алексей Шестаков баш байгеге жетти.

Ал эми Кыргызстандын теннисчилери мелдештин чейрек финалынан ашкан жок.

Учурда Бишкек «Sunrise Open» эл аралык мелдешинин экинчи бөлүгү өтүп жатат. Ага өткөн жумада жогору упай топтогон теннисчилер катышат. Ал 24-августа жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG