Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:34

Өзбекстанда Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголду


Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын прокуратурасы экс-президенттин кызы Гүлнара Каримовага карата дагы эки кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул ирет Каримова «Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн, мамлекеттик каражатты уурдаган, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деп айыпталып жатат. Маалыматка караганда, экс-президенттин кызы эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан.

Жаңы иш эл аралык компаниянын арызынын жана маалыматтарынын негизинде козголгон.

47 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG