Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөгөт чарасын караган соттук отурумга өзү да катышты, бирок бир да сөз сүйлөгөн жок. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди:
- Алмазбек Шаршенович өзүн канааттандырарлык сезип жатат. Көрүнүшү деле жакшы. Бүгүн ал соттук отурумда бир да сөз сүйлөгөн жок. Албетте, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеп жатышат.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Быйыл 7-8-августта күч түзүмдөрү аны Кой-Таштагы үйүнөн кармап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камашты.
Алгач Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу айыпталып жаткан, кийин ага коюлган түрдүү кинелердин саны ондон ашты.
Бүгүн УКМКда өткөн соттук отурумда мурдагы президенттин бөгөт чарасын 26-августтан 26-октябрга чейин узартуу чечими кабыл алынды. (RK)