Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Гонконгдо «Фейсбук» менен «Твиттер» жүздөгөн аккаунтту жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбук» жана «Твиттер» социалдык тармактары Кытай тарабынан Гонконгдогу нааразылык акцияларын жаман жагынан көрсөтүүгө аракеттенген жүздөгөн аккаунтту жапты.

«Твиттер» өкүлдөрү кабарлагандай, ички иликтөөнүн жыйынтыгында Гонгонгдо саясий араздашууну жайылткан, нааразылык акцияларынын мыйзамдуулугунан жана негизги саясий талаптардан күмөн санатууга аракеттенген 963 колдонуучу жабылды. Аталган колдонуучулар акциянын катышуучуларын зордук-зомбулук жана вандализм үчүн бир беткей айыпташкан.

«Твиттер» ири маалыматтык өнөктүк мамлекеттин колдоосу аркылуу Кытайдын аймагынан жүргүзүлүп турган деген жыйынтыкка келген.

Ал эми «Фейсбук» да ушундай эле жүйө менен беш аккаунтту, жети баракчаны жана үч топту жапты. Андай баракчалардын биринде 15 миң окурман болгон.

Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келатат. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

Өткөн аптада Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу эскерткен.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG