Орусиянын 23 жаштагы жараны «Интернетте терроризмди жайылткан» деп беш жылга соттолду. Сот ага эки жыл Интернетти колдонууга да тыюу салды. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Сибирдеги Томск шаарынын тургуну радикал исламдын жактоочусу болгон жана «ВКонтакте» социалдык тармагында жалган ат менен кирип алып, Орусиядагы террористтик аракеттерге колдоо көрсөтүп турган.
Укук коргоо органдары бул жарандын атын ачык айткан жок. Бирок орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары ал Казакстандын жараны Илья Калиниченко экенин, Томскидеги жергиликтүү хоккей клубунун мүчөсү болгонун жазып чыгышты.
Илья Калиниченконун апасы журналисттерге сот чечими боюнча арыздана турганын маалымдаган. Ошондой эле ал уулунун Интернетте жазгандары терроризмге чакырык эмес экенин кошумчалады.