Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

«Росинбанктын» аталышы «Керемет банк» болуп өзгөрдү


«Росинбанктын» аталышы «Керемет банк» болуп өзгөрдү. Мындай чечим 16-августта акционерлердин жыйынында кабыл алынганын аталган банктын кызматкерлери жана Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиришти.

Банктын акцияларынын 85 пайызы Улуттук банкка таандык. Андан тышкары, Мамлекеттик мүлк фондунун жана жеке тараптардын да үлүштөрү бар.

Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган «Азия Универсал банк» 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, «Залкар Банк» болуп кайра түзүлгөн. Кийин анын 90 пайыз акциясын орусиялык «Инвестторгбанк» сатып алып, 2013-жылы «Росинбанк» ачылган. Өлкө аймагында анын отузга жакын кеңсеси бар.

«Росинбанк» Улуттук банктын алдындагы милдеттенмелерин аткара албай, насыяларды төлөй албай жатканы 2018-жылдын октябрында белгилүү болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG