Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Тажикстандын Улуттук банкы доллардын баасын көтөрдү


Тажикстанда акчанын буга чейинки курсу.
Тажикстанда акчанын буга чейинки курсу.

Тажикстанда 20-августта эртең менен доллардын курсу дароо көтөрүлдү. Эгер 19-августта бир доллар 9 сомони 43 дирам болуп жатса, 20-августта эртең менен 9 сомони 70 дирамга чыккан. Ошондой эле евронун куну да жогорулады. Ал буга чейин 10,45 сомони болуп жатса, бүгүн 10,77 сомони болду.

Тажикстандын Улуттук банкы өз кадамын расмий курс менен көмүскө базардагы курстун айырмачылыгын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө. Расмий курс менен мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайлардагы курстун айырмачылыгы 2,8%, чейин жеткен. Көмүскө соодада доллардын баасы банктардагы курстан жогору болгондуктан, эл акча алмаштыруу үчүн банктарга эмес, мыйзамсыз жайларга барууну туура көрүшөт.

Тажикстанда жеке менчик акча алмаштыруучу пункттарды иштетүүгө мыйзам жол бербейт. Акча алмаштыруучу жайлар банктарда гана бар. Өкмөттүн акча базарын көзөмөлдөө аракетине карабастан, көмүскө акча алмаштыруучу жайлар иштеп келе жатат.

XS
SM
MD
LG