Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

УКМК: Баабиев кастыкка жана зомбулукка ачык үндөгөн


Фархат Баабиев. Сүрөт 2019-жылдын июнь айында тартылган.
Фархат Баабиев. Сүрөт 2019-жылдын июнь айында тартылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фархат Баабиев аттуу жарандын сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы Мамлекеттик соттук экспертиза кызматына таянып кабарлагандай, «Баабиевдин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чакырык камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте өлкөдө башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган».

Баабиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапкерлердин бири болгон. Эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө ал мурдагы президентти «көздүн карегиндей сактоого» үндөгөн.

Кийин «YouTube» каналында анын сүрөтү коюлган, эки адамдын телефон аркылуу сүйлөшүүсү деген тасма тараган.

Атайын кызмат аймак аралык жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган бул видеодогу адам Баабиев деп эсептейт.

Буга байланыштуу 15-августта УКМКнын Тергөө башкармалыгы Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Көп өтпөй Баабиевдин өзүнүн видео кайрылуусу жарыяланган. Ал Атамбаевди колдош үчүн Кой-Ташка барганын, «бирок 7-8-августтагы окуялар көз карашын түп-тамырынан өзгөрткөнүн, буга чейин айткан сөздөрүн толугу менен кайра аларын» айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 19-августта тараткан маалыматка караганда, Фархат Баабиев Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында кармалып, анын бул окуяларга тиешеси бар экени аныкталды.

«16-августта Баабиевге жапырт башаламандык үчүн шектүү экени тууралуу маалымдама берилип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 9-октябрга чейин камакка алынды» деп билдирди ИИМ.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал ондон ашуун кылмышка шек саналууда.

7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурунда жүздөн ашуун адам жараат алган, бир офицер каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG