Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:54

Жалал-Абадда борбордук базарда чыккан өрт өчүрүлдү


Өрт өчүрүү учуру.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 20-августтан 21ине караган түнү базардан өрт тутанып, таңкы саат 4төн өтүп өчүрүлдү.

Базарга коюлган төрт гидрант жалынды жайылтпай өчүрүүгө шарт түзгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк тиричиликке керектүү товарлар күйүп кеткен. Каза болгондор жана жабыркагандар жок. Өрттүн себептери аныкталууда. (КЕ)

Дагы окуңуз: Сот Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG