Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карайт


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын мүчөсү, парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

Буга чейинки сот 16-июлга белгиленип, судья иштин көлөмү чоң экенине байланыштуу жараяндын мөөнөтүн жылдырган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде “Коррупция” беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалашкан. Тарапташтары Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдиришкен. (КЕ)

Дагы окуңуз: Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты

XS
SM
MD
LG