Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Италиянын премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады


Жузеппе Конте.
Жузеппе Конте.

Жузеппе Конте расмий түрдө Италиянын өкмөт башчылыгынан кетти. Анын арызын президент Сержо Матарелла канааттандырды.

Конте шейшемби күнү Сенатта сөз сүйлөп жатып кызматтан кеткиси келерин билдирген. Ал өз чечимин өкмөттү кураган «Лига» партиясы менен «Беш жылдыз кыймылы» партияларынын ыркы кеткенине байланыштырды.

Конте «Лига» партиясынын лидери жана вице-премьер-министр Маттео Сальвинини өкмөттөгү кризис үчүн айыптады. Буга чейин Маттео Сальвини мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл экенин айтып чыккан.

Өкмөттөгү соңку кайчы пикирлерге Италиянын Турин шаары менен Франциянын Лион шаарын байланыштырган темир жол курулушунун долбоору себеп болду.

Сальвини жетектеген «Лига» партиясы «Беш жылдыз кыймылынын» каршылыгына карабай бул долбоорду колдоп чыккан.

Дагы окуңуз: Иранда иттерге аяр мамиле кылууну талап кылган акция өттү

XS
SM
MD
LG