Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Дональд Трамп Орусиянын «Чоң жетиге» кайтышын колдойт


Владимир Путин жана Дональд Трамп.
Владимир Путин жана Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын G7 («Чоң жетиге») кайтышын колдоду. Трамп мындай сунушун биринчи жолу айтып жаткан жок. Анткен менен «Чоң жетиге» кирген башка өлкөлөр Орусияны кабыл алууга азырынча даяр эмес.

«Орусиянын ал жакта болгону максатка ылайык деп ойлойм. Бул «сегиздик» болушу керек, анткени биз талкуулаган маселелердин көбү Орусияга байланыштуу», - деди Трамп журналисттерге. Ал бул тууралуу Ак үйдө Румыниянын президенти Клаус Йоханис менен жолуккандан кийин айтты.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин мындан ары G8 же «Чоң сегиздик» тобу жок экенин, Орусия «жетилик» менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

«Жок болгон уюмга мен кантип кайтам? Азыр бул «жетилик». Сегиз өлкөнүн мүмкүн болгон иштөө форматы боюнча сөз болсо, биз эч качан баш тартпайбыз. Өз убагында «сегиздикти» өткөрүү кезеги Орусияда болчу, биздин өнөктөштөр келген эмес. Биз кайсы убакыт болбосун өнөктөштөрүбүздү «жетиликтин» алкагында да күтөбүз», - деген Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен болгон жолугушууда.

Макрон «сегиздикти» калыбына келтириш үчүн Украинадагы кырдаал жөнгө салынышы керек экенин белгилеген. Курамына Франция, Германия, Италия, Канада, АКШ жана Жапония кирген «Чоң жетиликтин» саммити Биарриц шаарында 24-26-августта өтөт.

Дагы окуңуз: Италиянын премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG