Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Таштандыларды түрүнө карап жыйнаган акция өтөт


21-августта Караколдо желим, кагаз, картон жана айнек таштандыларды өзүнчө бөлүп чогулткан ишембилик өтөт. Бул тууралуу шаардын мэриясы «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Акция түшкү саат 12:00дө калаанын борбордук аянтында башталып, катышуучуларга атайын мүшөк жана колкап берилет. Чогултулган кагаздын килограммы 6 сомго, картон - 3, айнек – 2, желим - 5 сомго сатылып алынат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда өлкө боюнча азыр ушу тапта 16,5 млн. тонна таштанды бар.

Алардын басымдуу бөлүгү - желимден жасалган баштык, идиш жана темир-тезек. Учурда Кыргызстандын бир да аймагында таштандыны кайра иштете турган ишкана жок. (КЕ)

Дагы окуңуз: ИИМ: Карамушкина айткан жаран аңчылыкта каза болгон

XS
SM
MD
LG