Испаниянын Гран-Канария аралындагы токойдо чыккан өрттүн айынан көптөгөн калктуу конуштардан тогуз миңден ашуун киши көчүрүлдү.
Он миң гектар аянтты жалын каптады. Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.
«Тез жардам» кызматынын басма сөз катчысы айылдардын биринде 100дөй жашоочу өз убагында көчүрүлбөй калганын, буга жолдун татаалдыгы себеп болгонун билдирди.
Аралдын түндүк-батышындагы Тамадаба жаратылыш паркын да өрт каптады. Жогорку температура менен катуу шамалдан улам өрт өчүрүү иши татаалдашты.
Айрым аймактарда жалындын бийиктиги элүү метрге чейин жетти.
Гран-Канария аралы туристтер арасында абдан популярдуу. Былтыр бул жерге 13,5 миллион киши келген. Канар аралдарынын өкмөтү өрт тоолуу аймактардагы курорттордун эс алуучуларына кедергисин тийгизбей турганын билдирүүдө.
Дагы окуңуз: Чырдан улам токтогон Бишкек-Дели авиакаттамы кайра ишке кирди