Орусиянын Эл артисти, РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Александра Назарова 79 жаш курагында көз жумду. Ермолова атындагы Москва драмалык театрынын маалыматына караганда, актриса менен коштошуу зыйнатынын убагы кошумча айтылат.
Назарова 1940-жылы 17-июлда Ленинградда туулган. Ленинград театр институтун бүткөндөн кийин борбордук балдар театрында иштеген. 1960-жылдары киного тартылган. Ал бир нече кино жана сериалдарда роль жараткан.
Маркум «Эгер бул сүйүү болсочу?», «Чек ара. Тайга романы», «Бригада», «Түнкү тозот» жана башка тасмаларда тартылган. «Бейпил түн, апа» спектаклиндеги эненин образы анын белгилүү ролдорунун бири болгон.